Адылбек Касымалиев Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту

Министрлер кабинети 19 Ноябрь 2025 09:40
691c9ed902445.jpeg
691c9ed8be00c.jpeg
691c9ed3d2d51.jpeg
691c9ee174cd6.jpeg
Алдыга
Артка
691c9ed902445.jpeg
691c9ed8be00c.jpeg
691c9ed3d2d51.jpeg
691c9ee174cd6.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 19.11.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана делегациялары менен бирге Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен жолугушту. 

Жолугушуу Россиянын президенти Владимир Путиндин саламдашуусу менен башталды. 

«Баарыбыздын бир жалпы максатыбыз бар – Евразия континентиндеги жана жалпы эле дүйнөдөгү эң ири аймактык бирикмелердин бири катары ШКУнун кадыр-баркын жана таасирин жогорулатуу. Өкмөттөргө, албетте, конкреттүү практикалык ишти жолго салууда, уюмга мүчө мамлекеттердин көп пландуу өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү боюнча иште өзгөчө роль таандык. Практикалык иштерге келгенде өкмөттөрдүн ролу ар дайым өзгөчө», - деп белгиледи Владимир Путин. 

Андан соң Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысы Нурлан Ермекбаев жана ШКУнун Өкмөт башчылар кеңешинде төрагалык кылуучу Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода сөз сүйлөштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.