Адылбек Касымалиев Перинаталдык борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты

Министрлер кабинети 02 Июль 2025 18:28
6865213ae08b9-thumb.jpeg
6865212f91743-thumb.jpeg
6865212f95005-thumb.jpeg
6865213a8f448-thumb.jpeg
6865213ae08b9-thumb.jpeg
6865213ccfc50-thumb.jpeg
6865213cd220b-thumb.jpeg
6865213d88955-thumb.jpeg
6865213dd06fd-thumb.jpeg
6865213e41417-thumb.jpeg
6865213f2eaf2-thumb.jpeg
6865213f80031-thumb.jpeg
68652129aac6d-thumb.jpeg
68652131f110b-thumb.jpeg
68652134aec2b-thumb.jpeg
68652138e3e1f-thumb.jpeg
68652142bc41d-thumb.jpeg
686521141cd6b-thumb.jpeg
686521341a1eb-thumb.jpeg
6865214038d73-thumb.jpeg
6865214212aee-thumb.jpeg
68652127746b8-thumb.jpeg
68652137099a7-thumb.jpeg
6865214031474-thumb.jpeg
6865214225229-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
6865213ae08b9-thumb.jpeg
6865212f91743-thumb.jpeg
6865212f95005-thumb.jpeg
6865213a8f448-thumb.jpeg
6865213ae08b9-thumb.jpeg
6865213ccfc50-thumb.jpeg
6865213cd220b-thumb.jpeg
6865213d88955-thumb.jpeg
6865213dd06fd-thumb.jpeg
6865213e41417-thumb.jpeg
6865213f2eaf2-thumb.jpeg
6865213f80031-thumb.jpeg
68652129aac6d-thumb.jpeg
68652131f110b-thumb.jpeg
68652134aec2b-thumb.jpeg
68652138e3e1f-thumb.jpeg
68652142bc41d-thumb.jpeg
686521141cd6b-thumb.jpeg
686521341a1eb-thumb.jpeg
6865214038d73-thumb.jpeg
6865214212aee-thumb.jpeg
68652127746b8-thumb.jpeg
68652137099a7-thumb.jpeg
6865214031474-thumb.jpeg
6865214225229-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 02.07.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборуна барды. Минкаб башчысы мекемедеги дарылоо шарттары менен таанышып, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын реанимация жана интенсивдүү терапия бөлүмүн, төрөт бөлүмүн көрдү. 

Адылбек Касымалиевге жаңы төрөлгөн ымыркайларды патологияларды аныктоо боюнча скрининг жүргүзүү, ымыркайларда ретинопатияны аныктоо жана дарылоо системасы, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын аудиологиялык скрининги боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып беришти. 

Перинаталдык борбор заманбап жабдуулар менен жабдылган, мекемеде төрөткө келген аялдар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эненин жана баланын ден соолугуна кам көрүү мамлекеттик саясаттын эң маанилүү приоритеттеринин бири бойдон кала берерин баса белгиледи. Ал төрөт бөлүмдөрүндө мүмкүн болушунча ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү, жаңы төрөлгөн ымыркайларды багуунун заманбап ыкмаларын киргизүү, ошондой эле мүмкүн болгон патологияларды эрте аныктоо жана дарылоо үчүн өз убагында жана сапаттуу скринингди камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.

Андан ары министрлер кабинетинин башчысы балдардын тамактануусу үчүн дарылоо-профилактикалык азыктарды чыгаруучу диетология бөлүмүнүн абалы менен таанышты. Бөлүмдө заманбап техникалык жабдуулар жок болгондуктан, балдар үчүн аталган тамак-аш азыктарын толук кандуу өндүрүүнү уюштурууга мүмкүн эмес. Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга тиешелүү жабдууларды сатып алуу жана диетология бөлүмүндө биологиялык баалуулугу жогору функционалдык азыктарды өндүрүүнү жолго коюу, продукцияны өлкөнүн аймактарына жеткирүүнү камсыз кылуу маселелерин иштеп чыгууну тапшырды. 

Мындан тышкары, ал Улуттук госпиталдын Борборлоштурулган тез медициналык жардам бөлүмүнүн абалы менен таанышты. Иш сапардын жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.