Адылбек Касымалиев Ош мэриясынын жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды

Министрлер кабинети 19 Февраль 2026 10:10
69968878628cb.jpg
69968939b0a1c.jpg
699689337a883.jpg
6996892e28f9b.jpg
699689293ad22.jpg
699687f3af0e8.jpg
Алдыга
Артка
69968878628cb.jpg
69968939b0a1c.jpg
699689337a883.jpg
6996892e28f9b.jpg
699689293ad22.jpg
699687f3af0e8.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 19.02.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарынын мэриясынын борбордук аппаратына жаңы мэр Жанар Акаевди тааныштырды.

Министрлер кабинетинин башчысы мэриянын шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууда, жарандардын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдөгү негизги ролун белгиледи.

Адылбек Касымалиев ошондой эле мэриянын түзүмдөрүнүн натыйжалуу жана ырааттуу иштешинин, мамлекеттик жана шаардык артыкчылыктуу программаларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Минкаб төрагасы Ош шаарынын мэри Жанар Акаевге жооптуу кызматта ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Жанарбек Акаев күн мурун Ош шаарынын мэри болуп дайындалган. Ал эми буга чейин шаар жетекчисинин кызматын аркалаган Жеңишбек Токторбаев кызматтан кеткен.