Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Жанарбек Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалды.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Акаев Жанарбек Кубанычович 1986-жылдын 13-декабрында Ош облусунун Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айылында төрөлгөн.
Билими жогорку. 2011-жылы Ош мамлекеттик университетин журналистика адистиги боюнча бүтүргөн.
2008-2014-жылдары “Азаттык” радиосунун кыргыз кызматында эмгектенген.
2015-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы.
2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү.
2015-2017-жылдары Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген.
Ошондой эле 7-жана 8-чакырылыштардын депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү. Эки уулдун атасы.