Адылбек Касымалиев Непалдын премьер-министри менен жолугушту

Министрлер кабинети 06 Август 2025 09:50
68920c79d1a5d (1).jpg
68920c7a55162.jpg
68920c7b10b7d.jpg
68920c7a494a5.jpg
68920c7a06607.jpg
Алдыга
Артка
68920c79d1a5d (1).jpg
68920c7a55162.jpg
68920c7b10b7d.jpg
68920c7a494a5.jpg
68920c7a06607.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 06.08.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Непалдын премьер-министри Кхадга Прасад Шарма Оли менен жолугушту.

Жолугушуу Түркмөнстанда өткөн деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясынын алкагында орун алды.

Жолугушууда минкаб башчысы Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен Непал эл аралык экологиялык демилгелерди өз ара колдоонун жакшы салтын иштеп чыкканын белгилеп, климаттык туруксуздуктун күчөп жаткан шарттарында тоолуу өлкөлөрдүн кызматташтыгы өзгөчө мааниге ээ экенин билдирди.

"Тоолуу аймактардын климаттык туруктуулугу жаатында уникалдуу тажрыйбага жана лидерликке ээ болгон Непалдын катышуусу тоо күн тартибин алдыга жылдырууга баалуу салым кошот деп ишенем"-деп белгилеген Адылбек Касымалиев, Непалды БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын алкагында иштеп жаткан Тоо өнөктөштүгүнүн сүйлөшүү тобуна кошулууга чакырды.

Тараптар ошондой эле, Кыргызстан менен Непалдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, туризм, текстиль өнөр жайы, айыл чарбасы, ошондой эле гидроэнергетика сыяктуу тармактарда кызматташууга кызыктарлыгын белгилешти.

Мындан тышкары, өз ара колдоого негизделген БУУнун алкагында кызматташуу талкууланды.

Жыйынтыгында минкаб башчысы Адылбек Касымалиев Непалдын премьер-министри Кхадга Прасад Шарма Олини Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырды.