Нарын шаарына атайын техника жана автобустар тапшырылды

Министрлер кабинети 24 Ноябрь 2025 16:35
69242dde847e2-thumb.jpeg
69242dd7b4023-thumb.jpeg
69242dd44d611-thumb.jpeg
69242dd210e7e-thumb.jpeg
69242dd332fb5-thumb.jpeg
69242de12d402-thumb.jpeg
69242de82c6ab-thumb.jpeg
69242de0209f9-thumb.jpeg
69242de519f9c-thumb.jpeg
69242de6529ab-thumb.jpeg
69242dedbfa95-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
69242dde847e2-thumb.jpeg
69242dd7b4023-thumb.jpeg
69242dd44d611-thumb.jpeg
69242dd210e7e-thumb.jpeg
69242dd332fb5-thumb.jpeg
69242de12d402-thumb.jpeg
69242de82c6ab-thumb.jpeg
69242de0209f9-thumb.jpeg
69242de519f9c-thumb.jpeg
69242de6529ab-thumb.jpeg
69242dedbfa95-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 24.11.25. /Кабар Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касмалиев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарына жаңы келген техникалар жана автобустарды тапшырды.

Минкаб башчысы Коммуналдык жана шаар чарба кызматтары үчүн алынган жаңы атайын техниканын, ошондой автобустарды көрүп чыкты. Нарын шаарына 34 атайын багыттагы техникаларды сатып алуу боюнча түзүлгөн келишимге ылайык бүгүнкү күндө 11 автобус жана 10 атайын техниканын ачкычтары тапшырылды.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Нарын шаарынын транспорт жана курулуш инфраструктурасын өнүктүрүү максатында президенттин турукташтыруу фондунан Нарын шаардык мэриясына 250 млн сом каражат, анын ичинен 230 млн сом атайын техникага бөлүнгөн.

Өз кезегинде минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев техникалар шаар үчүн узак жылдар кызмат кылуусу үчүн аяр мамиле кылууга чакырды.