Адылбек Касымалиев Нарын облусундагы ипотекалык үйлөрдүн курулушунан кабар алды

Министрлер кабинети Жүктөлүүдө... 16 Апрель 2025 15:45
67ff785c36823-thumb.jpeg
67ff784cb6511-thumb.jpeg
67ff784eef4e4-thumb.jpeg
67ff785a8adc7-thumb.jpeg
67ff785a8b6ca-thumb.jpeg
67ff785c36823-thumb.jpeg
67ff785cce976-thumb.jpeg
67ff785e1a45f-thumb.jpeg
67ff785e5cd81-thumb.jpeg
67ff785f602de-thumb.jpeg
67ff7851c5878-thumb.jpeg
67ff7855ddb91-thumb.jpeg
67ff7860f0cac-thumb.jpeg
67ff78534b680-thumb.jpeg
67ff78580bcef-thumb.jpeg
67ff78592fc3a-thumb.jpeg
67ff785724c73-thumb.jpeg
67ff78559805c-thumb.jpeg
67ff78591255a-thumb.jpeg
67ff78601723b-thumb.jpeg
67ff785370201-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
67ff785c36823-thumb.jpeg
67ff784cb6511-thumb.jpeg
67ff784eef4e4-thumb.jpeg
67ff785a8adc7-thumb.jpeg
67ff785a8b6ca-thumb.jpeg
67ff785c36823-thumb.jpeg
67ff785cce976-thumb.jpeg
67ff785e1a45f-thumb.jpeg
67ff785e5cd81-thumb.jpeg
67ff785f602de-thumb.jpeg
67ff7851c5878-thumb.jpeg
67ff7855ddb91-thumb.jpeg
67ff7860f0cac-thumb.jpeg
67ff78534b680-thumb.jpeg
67ff78580bcef-thumb.jpeg
67ff78592fc3a-thumb.jpeg
67ff785724c73-thumb.jpeg
67ff78559805c-thumb.jpeg
67ff78591255a-thumb.jpeg
67ff78601723b-thumb.jpeg
67ff785370201-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 16.04.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кочкор районунда “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК тарабынан курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. 

Мында “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасынын алкагында комплекстүү 2 гектар жерге 8 блоктон турган 200 батирлүү 5 кабаттуу үй курулууда. Батирлер турак жайга муктаж жарандарга берилет. 

Ошондой эле, МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Нарын шаарында “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасы боюнча курулуп жаткан үйлөрдүн курулуш иштери менен таанышты. Жалпы 9 кабаттуу, 4 блоктон турган, 216 батирлүү ипотекалык турак үйдүн курулушу өткөн жылдын жазында башталган. 

Мындан тышкары, минкаб төрагасы Нарын шаарындагы “Тянь-Шань Сити” көп кабаттуу турак жай комплексинин курулушунун долбоору менен таанышты. Турак жай комплексин баштоого өткөн жылы капсула салынган болчу. 

Жергиликтүү жарандарды турак жай менен камсыздоо максатында аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен таанышып чыккан минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев, Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарды турак жай менен камсыздоо багытында иштери кызуу жүрүп жатканын жана бул мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин билдирди.