Адылбек Касымалиев Мугалимдик эмгектин ардагери Ракыя Калыкованы куттуктады

Министрлер кабинети 01 Сентябрь 2025 17:54
68b57688b9c53.jpg
68b57688ba40a.jpg
68b5768877e1d.jpg
68b57688777d2.jpg
68b5768837bb8.jpg
68b57688363df.jpg
68b57687daff3.jpg
68b57687df855.jpg
68b576878128e.jpg
68b5768782013.jpg
68b576873ce2e.jpg
68b576873e0a5.jpg
68b57686d7109.jpg
68b57686d67ad.jpg
Алдыга
Артка
68b57688b9c53.jpg
68b57688ba40a.jpg
68b5768877e1d.jpg
68b57688777d2.jpg
68b5768837bb8.jpg
68b57688363df.jpg
68b57687daff3.jpg
68b57687df855.jpg
68b576878128e.jpg
68b5768782013.jpg
68b576873ce2e.jpg
68b576873e0a5.jpg
68b57686d7109.jpg
68b57686d67ad.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 01.09.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 45 жылдык стажы бар математика мугалими, педагогика эмгегинин ардагери Ракыя Калыковадан кабар алды. 

Ракыя Калыкова 1936-жылы туулган, өмүрүнүн 45 жылын жаш муундарды окутуу жана тарбиялоодогу асыл ишке арнап, Кыргызстандын ар кайсы аймактарында жана Бишкек шаарында математика мугалими болуп эмгектенген. Анын кесиптик жолу жалпы билим берүүчү мектептерде мугалимдик менен гана эмес, Маяков атындагы кыз-келиндер педагогикалык техникумунда болочок мугалимдерди даярдоого кошкон салымы менен да өзгөчөлөнөт.

“Сиздин тажрыйбаңыз, билимиңиз, балдарга болгон чексиз сүйүүңүз – муундан-муунга калтырып келе жаткан баа жеткис мурас. Сизге кесипкөйлүктү гана эмес, чоң жылуулукту, чыдамкайлыкты да талап кылган асыл ишиңиз үчүн чын жүрөктөн ыраазыбыз. Сизге бекем ден соолук, түгөнгүс энергия, бакубат жашоо жана үй-бүлөңүздүн, ыраазы болгон окуучуларыңыздын курчоосунда узун өмүр сүрүшүңүздү каалайбыз”, - деди Адылбек Касымалиев.

Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү тармагын өнүктүрүү, мугалимдик эмгектин ардагерлерин колдоо жана мугалимдик кесиптин кадыр-баркын көтөрүү маселелери сүйлөшүлдү.

Адылбек Касымалиев мамлекет мындан ары да мугалимдерге ар тараптуу колдоо көрсөтүп, алардын иштөөсүнө ыңгайлуу шарттар түзүлөөрүн ишендирди. Минкаб төрагасы билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык иретинде Ракыя Калыковага 150 миң сомдук сертификат тапшырды.