Адылбек Касымалиев Монголиянын вице-премьер-министри менен жолукту

Министрлер кабинети Загрузка... 27 Июнь 2025 15:33
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 27.06.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанга соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-монгол өкмөттөр аралык комиссиясынын бешинчи жыйынына катышуу үчүн келген Монголиянын вице-премьер-министри Сайнбуянгийн Амарсайхан менен жолукту.  

Адылбек Касымалиев монгол делегациясын жылуу кабыл алып, эки өлкөнүн мамилеси өз ара жакшы ишенимге жана урматтоого негизделгенин белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы отурумдун жыйынтыгында кол коюлган протокол Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 2023-жылы Монголияга мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга жаңы дем берээрине ишеним билдирди.

Өз кезегинде Монголиянын вице-премьер-министри Сайнбуянги Амарсайхан кыргыз тарапка жылуу кабыл алгандыгы жана Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Монголиянын эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө умтулуусун белгиледи. Ал соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүнүн жана түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташууну мындан ары да чыңдоого эки тараптын тең кызыкдар экендиктерин ырасташты.