Адылбек Касымалиев милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер кабинети Загрузка... 01 Ноябрь 2025 13:04
25759_1761888856_lg.jpg
copyright icon мини

Бишкек, 01.11.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев милиция кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз милициясынын күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти.

“Урматтуу милиция кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз милициясынын күнү менен куттуктайм.

Ар бир жарандын укугун, жеке турмушун, коомду жана мамлекетти мыйзамга каршы келген жоруктардан, кылмышкерлерден коргоо милдетин аркалаган адамдар дайыма урмат-сыйга татыктуу. Сиздер кылмышкерлердин күчүнө каршы күч болосуздар. Заманга жараша өзгөрүлүп жана жаңыдан киргизилип жаткан тартиптерге, жаңы салттарга, жаңы маданиятка каршылык көрсөтүп жаткандарды түздөн-түз туура жолго салып жаткан сиздер болосуздар.

Кыргыз милициясы далай кыйынчылыктарды башынан кечирди. Соңку жаңы тарыхта эле көптөгөн коомдун толкундоолорунда, криминал расмий бийлик менен тизгин талашкан учурларда баарын тартипке келтире турган күч, элдин үмүтү жана тиреги кыргыз милициясы болду.

Акыркы мезгил коомубуздагы прогрессивдүү өзгөрүүлөр менен мүнөздөлдү. Экономиканын өсүш темпи кескин жогорулап, эл казынасы – бюджеттин каражаттары көбөйүп, бюджетке караштуу көп тармактардагы кызматкерлердин, алардын ичинде милиция кызматкерлеринин эмгек акылары жогорулады. Криминалга, биринчи кезекте уюшкан топторго, алардын таяныч-тиреги болгон коррупцияга каршы катаал күрөштүн, милиция, сот жана прокуратуранын бирдиктүү аракетинин натыйжасында азыркы мезгилде коомубуз кыйла тазаланды.

Кийинки мезгилде милициянын материалдык-техникалык базасы кыйла жакшырганын баса белгилөө зарыл. Криминалдын сары изине чөп салып, саргара кууп жетип кармасын деп көптөгөн автомашиналар берилип, милиция кызматкерлери турак жайлар жана заманбап кызмат имараттары менен камсыз болушту. Кылмышкерлерди табыш үчүн заманбап техника жана технологиялар, анын ичинде жасалма интеллект менен камсыз болуп, көп жылдан бери Интерпол издеп таппай жүргөн кылмышкерлер дагы табылып колго түшүүдө.

Укук коргоо боюнча мыйзамдарды гуманизациялоо процессинин натыйжасында кийинки мезгилде жазага тартылгандардын саны бир кыйла азаюуда. Алсак, 2003-жылы 16 444 адам жазага тартылса, 2024-жылы 7051 адам жазага тартылган.

Жалпысынан негизги максат кылмышкерлерди кармап жазага тартуу эмес, ошол кылмыштарды азайтуу. Ушул максатта нарк-насилдүү, абийирдүү, ар намыстуу кыргыз жаштарын тарбиялоо биздин жалпы милдетибиз жана бул иште милициянын ролу чоң. Мындай профилактиканын натыйжасында адамдардын, алардын ичинде милиция кызматкерлеринин да өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч аз болуп, бул ишке сарптоолорду кыйылган адам өмүрлөрү эмес, жаштарды тарбиялоого кеткен убакыт, кылмышты талдап, тактоого кеткен убакыт менен эсептеп калабыз.

Жаңы заманда кылмыштын жаңы түрлөрү пайда болуп, анын ичинде кибер кылмышкерлери, транс улуттук уюшкан кылмыштуулук күч алып жатканда биздин милиция билими, интеллектуалдык деңгээли жогору болуп, акылдын күчү менен ат салышып, биз күткөн ийгиликтерге жетет деп ишенем.

Ардактуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Кесиптик майрамыңыздар кут болсун! Сиздердин ары татаал, ары сыймыктуу кызматыңыздарды ар дайым ийгилик коштоп жүрсүн. Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат, үй-бүлөңүздөргө бакубат турмушту каалайм”.