Адылбек Касымалиев Ливиянын Президенттик кеңешинин төрагасы менен жолугушту

Министрлер кабинети 05 Август 2025 17:17
6891ea07ac9f5.jpg
6891ea07a63ea.jpg
6891ea06b44c4.jpg
6891ea06b246f.jpg
Алдыга
Артка
6891ea07ac9f5.jpg
6891ea07a63ea.jpg
6891ea06b44c4.jpg
6891ea06b246f.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 05.08.2025. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Түркмөнстанда Ливия мамлекеттинин Президенттик кеңешинин төрагасы Мохаммед Юнис Ахмед Аль-Менфи менен жолугушту.

Жолугушуу деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясынын алкагында орун алды.

Минкаб башчысы жолугушууда Кыргыз Республикасы араб дүйнөсү жана Африка континентинин өлкөлөрү, анын ичинде Ливия менен кызматташтыкты кеңейтүүгө маани берерин белгиледи.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда эки тараптуу келишимдерге жетишүүнү талкуулашты. 

Ошондой эле өз ара колдоого негизделген БУУнун алкагында кызматташуу талкууланды.