Адылбек Касымалиев Кытайга иш сапары менен келди

Министрлер кабинети 24 Июнь 2025 01:15
68595c938281a.jpeg
68595c938281a.jpeg
68595c7b4e257.jpeg
68595d3901826.jpeg
Алдыга
Артка
68595c938281a.jpeg
68595c938281a.jpeg
68595c7b4e257.jpeg
68595d3901826.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 24.06.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайдын Тяньцзинь шаарына иш сапары менен келди.

Министрлер кабинетинин төрагасы “Жайкы Давос – 2025” Дүйнөлүк экономикалык форумунун жылдык жыйынына катышат.

Адылбек Касымалиев панелдик сессияда “Бир алкак, бир жол” демилгеси кайда баратат?” деген темада сөз сүйлөйт.

Форумдун алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, Вьетнамдын премьер-министри Фам Минь Тинь менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Ошондой эле иш сапардын алкагында бир катар ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери менен жолугушуулары да пландалууда.