Адылбек Касымалиев Кытайга иш сапары менен барат

Министрлер кабинети 22 сентябрь 2026 12:30
Адылбек Касымалиев Кытайга иш сапары менен барат
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 22.09.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайдын Ханчжоу шаарына иш сапары менен барат.

Сапардын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, ошондой эле бир катар компаниялардын жана уюмдардын жетекчилери менен жолугушат.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин башчысы 5-Дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнө барат.