Адылбек Касымалиев Кырдаалдык борбордо жыйын өткөрдү

Министрлер кабинети 1750 05 Февраль 2025 09:50
67a228862a092.jpeg
67a22881bc4ce.jpeg
67a228917e821.jpeg
67a228911cd52.jpeg
67a2288765399.jpeg
Алдыга
Артка
67a228862a092.jpeg
67a22881bc4ce.jpeg
67a228917e821.jpeg
67a228911cd52.jpeg
67a2288765399.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президенттик администрациянын Кырдаалдык борборунда кеңешме өткөрдү.

Жыйында өлкөнүн учурдагы экономикалык абалы, артыкчылыктуу улуттук долбоорлордун аткарылышы, ошондой эле мамлекеттик органдардын иши боюнча сын пикирлерди чогултуу жана талдоо, коомдук коопсуздукту камсыздоо, эпидемиологиялык абалга мониторинг жүргүзүүнү камтыган маалыматтык программаларды ишке ашырууга байланышкан маселелер жана экономиканын ар түрдүү тармактарында квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги проблемасын чечүү талкууланды. 

Өзгөчө көңүл, бюджетке салык жана бажы төлөмдөрүнүн түшүшү, социалдык объектилердин курулушунун жүрүшү жана “Коопсуз шаар” системасынын иштешине бурулду.

Жыйындын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө багытталган улуттук долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштерди активдештирүү зарылдыгын белгиледи. Ал ошондой эле пайда болгон чакырыктарга, анын ичинде эпидемиологиялык кырдаалга жана кадрлардын жетишсиздигине байланыштуу коркунучтарга ыкчам чара көрүүнүн, ошондой эле коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Кырдаалдык борбору тарабынан сунушталган мониторинг жана аналитикалык каражаттарды натыйжалуу колдонуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Мамлекеттик органдардын пикирлеринин негизинде пилоттук долбоорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду, ал министрлер кабинетинин төрагасынын айтымында, көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана калктын өкмөткө ишеним деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет. Адылбек Касымалиев тиешелүү ведомстволорго долбоорду бүткүл республикага жайылтуу боюнча иш-чаралардын комплексин иштеп чыгууну тапшырды.