Жеңиши менен Кыргызстанды дүйнөгө даңазалады. Касымалиев көркөм гимнастика боюнча дүйнө чемпионун кабыл алды

Министрлер кабинети 01 Июль 2025 15:15
68639d09a5df9.jpg
68639d099ba37.jpg
68639d096a72a.jpg
68639d096a6c6.jpg
Алдыга
Артка
68639d09a5df9.jpg
68639d099ba37.jpg
68639d096a72a.jpg
68639d096a6c6.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 01.07.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев көркөм гимнастика боюнча өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиону Злата Аркатова жана анын машыктыруучулары менен жолугушту.

Минкаб башчысы Злата Аркатованы өспүрүмдөр арасында көркөм гимнастика боюнча дүйнө чемпионатында булава дисциплинасы боюнча алтын медаль жеңип алуусу - бул тарыхый жеңиш экенин белгилеп, Кыргызстан биринчи жолу гимнастика боюнча дүйнөлүк чемпиондук бийиктикке жеткенин билдирди. 

“Жеңишиң менен Кыргызстанды дүйнө жүзүнө даңазаладың.   Кыргызстандын желегин  бийик желбиретип, биздин гимнди дүйнөлүк аренада жаңырттың. Өзүңдүн бийик деңгээлдеги чеберчилигиң,  талантың, эркиң менен кыргыз гимнастикасы дүйнөлүк эң жогорку сыйлыктарга татыктуу экенин далилдедиң”-деди ал. 

Жолугушууга гимнастика федерациясынын президенти   Назира Айдарова, машыктыруучулар – Жаңыл Каймазарова жана Гүлнар Мамыркулова катышты. Минкаб башчысы Адылбек Касымалиев Злата Аркатованын жеңишке жетүүсүнө, анын машыктыруучуларынын жана гимнастика федерациясынын эмгеги зор экенин баса белгиледи. 

“Бүгүнкү ийгиликке командалык иш, талыкпас эмгек, жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүк менен жетиштиңиздер”-деп белгиледи Адылбек Касымалиев. 

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев көркөм гимнастика боюнча өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиону Злата Аркатова жана анын машыктыруучуларына акчалай сыйлык сертификаттарды тапшырды.