Адылбек Касымалиев: ӨКМдин техникасы толугу менен жаңыланууда

Министрлер кабинети Загрузка... 23 Февраль 2026 13:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.02.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 676 млн сомдук 116 даана техника тапшырылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ӨКМге аталган техникалардын ачкычын тапшыруу аземинде билдирди.

Анын айтымында, акыркы 5 жылда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 652 унаа жана атайын техника менен камсыз болуп, бул иш-аракеттерге 7 млрд сом каражат сарпталган.

“Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрү дагы 116 даана атайын техника алышты, бул көз карандысыздык жылдарындагы эң масштабдуу модернизациялоо этабы болуп, мекеменин техникалык паркы толугу менен жаңылангандыгын күбөлөндүрөт. Учурда тапшырылып жаткан техникаларды сатып алууга каражаттар бюджеттен сарпталды. Ошону менен бирге Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып жаткан Kgresiland долбоорунун алкагында жалпы суммасы 554 млн сомду түзгөн 72 даана инженердик техникалар тапшырылганы турат. Аталган долбоор Кыргызстанда жаратылышты коргоого жана табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтууга багытталган ири экологиялык демилге. Сел кырсыктарынын алдын алууга, деградацияга учураган жерлерди калыбына келтирүүгө жана ландшафттарды туруктуу башкарууга багытталган”,- деди Касымалиев.

Андан тышкары, министрликтин техникалык базасы чыңдоо багытында аткарылып жаткан иштерге кеңири токтолду.

““Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААКсы менен ӨКМдин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жалпы суммасы 66,7 млн сомду түзгөн 18 даана техника алынды. Ал эми Президенттик фонддон жана республикалык бюджеттин эсебинен суучулдар кызматына 2 даана техника, токой кызматы үчүн 22 даана техника берилгени турат. Акыркы жылдары министрликтин бюджетине каражаттар жетиштүү суммада жана өз убагында бөлүнүп жатканын белгилеп кетем”,- деди ал.

Ошондой эле 2025-жылга карата Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бюджети 5,5 млрд сомдон ашык каралганын жана жыл ичинде кошумча каражаттар бөлүнгөндүгүн кошумчалады.