Адылбек Касымалиев кинорежиссер Никита Михалковго “Достук” орденин тапшырды

Министрлер кабинети 30 Октябрь 2025 16:22
690332159bb28-thumb.jpeg
690331ff3dd24-thumb.jpeg
690331ffbca9c-thumb.jpeg
69033208b6549-thumb.jpeg
69033208befc5-thumb.jpeg
69033213bcdfd-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
690332159bb28-thumb.jpeg
690331ff3dd24-thumb.jpeg
690331ffbca9c-thumb.jpeg
69033208b6549-thumb.jpeg
69033208befc5-thumb.jpeg
69033213bcdfd-thumb.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 30.10.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россиянын Кыргызстандагы Маданият күндөрүнүн алкагында Россиянын маданият министри Ольга Любимова менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө россиялык көрүнүктүү кинорежиссер Никита Михалковго Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы “Достук” орденин тапшыруу аземи болуп өттү.

Катышуучуларды куттуктоо сөзүндө Адылбек Касымалиев Маданият күндөрүн өткөрүү эки өлкөнүн тарыхый байланышын чыңдоого салым кошуп жатканын белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы Никита Михалковду 80 жылдык туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, анын дүйнөлүк кинематографияны өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгиледи.

Минкаб төрагасы Никита Михалковго бекем ден соолук, түгөнгүс энергия, маданиятты өнүктүрүү жана эки өлкөнүн ортосундагы бир туугандык мамилелерди чыңдоо үчүн мындан ары да чыгармачылык ийгиликтерди каалады.