Адылбек Касымалиев: Келерки жылы Бишкекте 20 жаңы мектеп курулат

Министрлер кабинети 4 октябрь 2025 12:55
Адылбек Касымалиев: Келерки жылы Бишкекте 20 жаңы мектеп курулат
copyright icon Кабар

Бишкек, 04.10.25. /Кабар/. 2026-жылы Бишкек шаарында 20 жаңы мектеп салынат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Анын айтымында, билим берүү тармагын өнүктүрүү мамлекеттик деңгээлдеги артыкчылыктуу багыттардын бири бойдон калууда.

“Бишкектен тышкары, Ош шаарында дагы 10 мектеп, Манас шаарында 6 мектеп курулат. Ошондой эле үч нөөмөт менен окуп жаткан аймактарга да жаңы мектептер салынып, башталгыч класстар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Бул билим сапатын жогорулатууга чоң салым болот”, — деди Касымалиев.