Адылбек Касымалиев Казакстанга иш сапары менен барды

Министрлер кабинети 13 Ноябрь 2025 14:26
69159502053ec-thumb.jpeg
6915952f65fbd-thumb.jpeg
6915952f68b49-thumb.jpeg
6915953b1b9de-thumb.jpeg
6915953b3b5dd-thumb.jpeg
6915953b3b242-thumb.jpeg
691595224c21c-thumb.jpeg
691595471fdf0-thumb.jpeg
691595068172e-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
69159502053ec-thumb.jpeg
6915952f65fbd-thumb.jpeg
6915952f68b49-thumb.jpeg
6915953b1b9de-thumb.jpeg
6915953b3b5dd-thumb.jpeg
6915953b3b242-thumb.jpeg
691595224c21c-thumb.jpeg
691595471fdf0-thumb.jpeg
691595068172e-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 13.11.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстандын Астана шаарына иш сапары менен барды. 

Министрлер кабинетинин төрагасынын учагы “Нурсултан Назарбаев” эл аралык аэропортуна конду. 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевди Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна эки өлкөнүн мамлекеттик туулары илинип, ардактуу кароол тизилди.

Эске сала кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы 13-жыйынына катышат.