Адылбек Касымалиев Казакстанга иш сапары менен барат

Министрлер кабинети Загрузка... 12 Ноябрь 2025 11:50
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 13-ноябрда Казакстандын Астана шаарына иш сапары менен барат. 

Адылбек Касымалиев иш сапарынын алкагында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 13-жыйынына катышат. 

Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жана Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун жетекчилиги алдында тар жана кеңейтилген курамда өткөрүлөт. 

Отурумдарда эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана кызматташуунун актуалдуу маселелери каралып, чечимдер кабыл алынат.