Минкаб төрагасы Каспий деңизинин боюндагы маданий иш-чараларга катышты

Министрлер кабинети 06 Август 2025 10:30
68922edb01245-thumb.jpg
68922ed7109c7-thumb.jpg
68922ed7e06db-thumb.jpg
68922ed9a0774-thumb.jpg
68922ed897f0a-thumb.jpg
68922eda86ecf-thumb.jpg
68922edbdad33-thumb.jpg
68922edc220dd-thumb.jpg
68922edd013fd-thumb.jpg
68922eddc9eeb-thumb.jpg
68922ee0b4a37-thumb.jpg
68922ee1ad3ae-thumb.jpg
68922ee025e59-thumb.jpg
68922ee29a98f-thumb.jpg
68922ee0514fa-thumb.jpg
68922ee297949-thumb.jpg
Алдыга
Артка
68922edb01245-thumb.jpg
68922ed7109c7-thumb.jpg
68922ed7e06db-thumb.jpg
68922ed9a0774-thumb.jpg
68922ed897f0a-thumb.jpg
68922eda86ecf-thumb.jpg
68922edbdad33-thumb.jpg
68922edc220dd-thumb.jpg
68922edd013fd-thumb.jpg
68922eddc9eeb-thumb.jpg
68922ee0b4a37-thumb.jpg
68922ee1ad3ae-thumb.jpg
68922ee025e59-thumb.jpg
68922ee29a98f-thumb.jpg
68922ee0514fa-thumb.jpg
68922ee297949-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 06.08.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Түркмөнстанга болгон иш сапарынын соңунда, БУУ конференциясына келген делегация башчылары менен биргеликте, Каспий деңизинин боюндагы Аваза туристтик аймагында өткөн "Борбордук Азия өлкөлөрүнүн улуттук күндөрүнүн" маданий иш-чараларына катышты.

Иш-чара деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн Үчүнчү БУУ конференциясынын алкагында өттү.

Маданий иш-чарада Кыргызстандан бардык ички жасалгалары менен кыргыз улуттук боз үйү тигилип, кол өнөрчүлүк буюмдары көрсөтүлө турган этно-стенд коюлган. Ошондой эле кол өнөрчүлөрдүн мастер-классы көрсөтүлүп, улуттук ашкананын даамы тартууланды.