Адылбек Касымалиев иш сапары менен Түркмөнстанга келди

Министрлер кабинети 05 Август 2025 09:15
6890d956f01c3.jpg
6890d959a6556.jpg
6890d958c947e.jpg
6890d958bc3a9.jpg
6890d957d51ed.jpg
6890d957d41d5.jpg
6890d9565bbfe.jpg
6890d95641a64.jpg
6890d9555eb97.jpg
6890d9555d43b.jpg
Алдыга
Артка
6890d956f01c3.jpg
6890d959a6556.jpg
6890d958c947e.jpg
6890d958bc3a9.jpg
6890d957d51ed.jpg
6890d957d41d5.jpg
6890d9565bbfe.jpg
6890d95641a64.jpg
6890d9555eb97.jpg
6890d9555d43b.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 05.08.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясына катышуу үчүн иш сапар менен Түркмөнстандын Аваза туристтик комплексине келди. 

Иш сапардын алкагында минкаб башчысы деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясыннын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. 

Мындан тышкары БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов,    Непалдын премьер-министри Кхадга Прасад Шарма Оли менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Ошондой эле Адылбек Касымалиев Борбор Азия жана Азербайжан мамлекеттеринин башчыларынын  жогорку деңгээлдеги жолугушуусуна катышат.

Мындан тышкары деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн Үчүнчү конференциясынын алкагында  өтүүчү "Борбордук Азия өлкөлөрүнүн улуттук күндөрүнүн" маданий иш-чараларына катышат.