Адылбек Касымалиев иш сапары менен Тажикстанга келди

Министрлер кабинети 04 Июнь 2025 18:10
68402afd24fce.jpeg
68402ac10af84 (1).jpeg
68402aed43840.jpeg
68402ade2ae79.jpeg
68402ad24ac66.jpeg
Алдыга
Артка
68402afd24fce.jpeg
68402ac10af84 (1).jpeg
68402aed43840.jpeg
68402ade2ae79.jpeg
68402ad24ac66.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 04.06.25. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстандын Душанбе шаарына иш сапары менен келди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын учагы Душанбе эл аралык аэропортуна конду.

Адылбек Касымалиевди Тажикстандын премьер-министринин орун басары Усмонали Усмонзода жана башка расмий адамдар тосуп алышты. 

Аэропорттун флагштокторуна Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик желектери илинди.

Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапарынын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. 

Ошондой эле эки тараптуу жолугушуулар жүргүзүлөт жана бир катар документтерге кол коюлат.