Бишкек, 10.12.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 11-12-декабрда Россиянын Москва шаарына иш сапары менен барат.
Минкаб төрагасы иш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына, ошондой эле илим жана технологиялар жаатындагы кызматташтык боюнча эл аралык конференцияга катышат.