Адылбек Касымалиев иш сапары менен Берлинге барды

Министрлер кабинети 28 Ноябрь 2025 09:32
IMG_9321.jpeg
IMG_9322.jpeg
IMG_9323.jpeg
IMG_9324.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_9321.jpeg
IMG_9322.jpeg
IMG_9323.jpeg
IMG_9324.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 28.11.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Германиянын Берлин шаарына иш сапары менен барды.

Жумуш сапарынын алкагында ал «Берлиндеги Кыргызстандын улуттук экономика күнү» деген темадагы кыргыз-герман бизнес форумуна, ошондой эле кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Берлинге болгон иш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, ошондой эле “Кыргыз почтасы” ААКнын эл аралык логистикалык борборуна барат.