Адылбек Касымалиев Геология институтунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Министрлер кабинети 22 Январь 2026 15:45
6971daed5c9a9.jpg
6971daee6ac54-thumb.jpg
6971daee0182e-thumb.jpg
6971daeeb45b4-thumb.jpg
6971daef63b53-thumb.jpg
6971daefb4505-thumb.jpg
6971daf34f04c-thumb.jpg
6971daf263b36-thumb.jpg
6971daf06742c-thumb.jpg
6971daf067845-thumb.jpg
6971db920fc87-thumb.jpg
6971dba7ce1c9-thumb.jpg
6971dba7ce961-thumb.jpg
6971dba89cf86-thumb.jpg
6971dba815aa7-thumb.jpg
6971dba8153d3-thumb.jpg
6971dba8512c7-thumb.jpg
6971dba8520e7-thumb.jpg
6971dba886906-thumb.jpg
Алдыга
Артка
6971daed5c9a9.jpg
6971daee6ac54-thumb.jpg
6971daee0182e-thumb.jpg
6971daeeb45b4-thumb.jpg
6971daef63b53-thumb.jpg
6971daefb4505-thumb.jpg
6971daf34f04c-thumb.jpg
6971daf263b36-thumb.jpg
6971daf06742c-thumb.jpg
6971daf067845-thumb.jpg
6971db920fc87-thumb.jpg
6971dba7ce1c9-thumb.jpg
6971dba7ce961-thumb.jpg
6971dba89cf86-thumb.jpg
6971dba815aa7-thumb.jpg
6971dba8153d3-thumb.jpg
6971dba8512c7-thumb.jpg
6971dba8520e7-thumb.jpg
6971dba886906-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 22.01.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Улуттук илимдер академиясынын М.Адышев атындагы Геология институтунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Таанышуунун жүрүшүндө институттун илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, ишке ашырылып жаткан долбоорлор, ошондой эле окумуштуулардын өлкөнүн минералдык-ресурстук потенциалын изилдөөгө жана геология илимин өнүктүрүүгө кошкон салымы тууралуу маалымат берилди.

Минкаб төрагасы институттун китепканасы, институттун уникалдуу музей экспонаттары жана республиканын аймагынан табылган динозаврлардын калдыктары, ошондой эле институттун иш бөлмөлөрү жана лабораториялары менен таанышты.

Институттун илимий ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары: аймактык геология, пайдалуу кендер, физикалык география, геоэкология жана инженердик геология жаатында фундаменталдык жана прикладдык илимий изилдөөлөр.

Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн геология тармагындагы илимий изилдөөлөрдүн маанисин белгилеп, фундаменталдык жана прикладдык илимди колдоо зарылдыгын белгиледи.

Ал ошондой эле министрликтер заманбап иштеп чыгууларды жана инновациялык технологияларды ишке киргизүү жана алардын жоопкерчиликтүү чөйрөлөрүндөгү актуалдуу маселелерди чечүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн адистештирилген илимий институттар менен системалуу өз ара аракеттенүүнү күчөтүшү керектигин кошумчалады.

Илимий-изилдөө иштерине, илимий кадрларды даярдоого, материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга, институттун келечектеги өнүгүү перспективаларына өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.