Адылбек Касымалиев фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча жыйын өткөрдү

Министрлер кабинети 28 Август 2025 10:50
68af0414232b2.jpeg
68af041321cad.jpeg
68af04155c122.jpeg
68af041718040.jpeg
68af041719f0d.jpeg
68af04191f3cb.jpeg
68af04185ea0b.jpeg
68af04183e7e1.jpeg
68af04147aa1d.jpeg
68af04159a1a3.jpeg
Алдыга
Артка
68af0414232b2.jpeg
68af041321cad.jpeg
68af04155c122.jpeg
68af041718040.jpeg
68af041719f0d.jpeg
68af04191f3cb.jpeg
68af04185ea0b.jpeg
68af04183e7e1.jpeg
68af04147aa1d.jpeg
68af04159a1a3.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 28.08.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү. 

Жыйындын күн тартибине төмөнкү маселелер киргизилген: 

  • 2026-2030-жылдарга Кыргызстандын фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоору; 
  • 2025-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун бюджетинин аткарылышы. 

Эки маселе боюнча тең финансы министри Алмаз Бакетаев баяндама жасады. Ал 2026-2030-жылдарга Кыргызстандын фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоору, ошондой эле 2026-2028-жылдарга бюджетти түзүү үчүн контролдук цифралар жөнүндө баяндама жасады. 

Ошондой эле финансы министри 2025-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун бюджетинин аткарылышы жөнүндө баяндама жасады. 

Күн тартибиндеги маселелерди кароонун жыйынтыгы боюнча финансы министринин баяндамалары эске алынды. 

Адылбек Касымалиев жылдын аягына чейин 2025-жылга бекитилген республикалык бюджетте каралган мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун алкагында каражаттарды толук өздөштүрүүнү камсыз кылуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.