Адылбек Касымалиев Эл аралык экологиялык конференцияга катышууда

Министрлер кабинети 25 Июль 2025 12:02
688302307156b-thumb.jpeg
688302bbb1cae-thumb.jpeg
688302389eeb7-thumb.jpeg
6883024087634-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
688302307156b-thumb.jpeg
688302bbb1cae-thumb.jpeg
688302389eeb7-thumb.jpeg
6883024087634-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 25.07.25. /Кабар/. Россия Федерациясынын Алтай Республикасындагы “Манжерок” (Миң жүрөк) эс алуу курортунда Эл аралык экологиялык конференция башталды. 

Дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүн талкуулоо үчүн бул конференцияга келген бир катар мамлекеттердин өкмөт башчылары менен биргеликте Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышууда. 

Алгач, конференция башталаар алдында делегация башчылары саламдашып, андан кийин биргеликте сүрөткө түшүү аземи болду. Андан соң, пленардык жыйын өтүүчү  залына өтүштү. 

Белгилей кетсек, Эл аралык экологиялык конференцияга — Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Александр Турчин, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода жана башка мамлекеттердин расмий кызмат адамдары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, экология тармагынын эксперттери катышууда.