Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги отурумун өткөрдү.
Бул жылы майрам Талас облусунда өтөт. Отурумду ачып жатып, министрлер кабинетинин төрагасы мындай маанилүү тарыхый датаны белгилөө чоң жоопкерчиликти жүктөй турганын жана даярдыктын деңгээли эң жогорку болушу керектигин баса белгиледи. Адылбек Касымалиев быйыл март жана июль айларында Талас облусунда майрамга даярдык көрүү боюнча көчмө жыйындар өткөнүн эске салды.
Минкаб башчысы жеке өзү аймакка барып, курулуш жана даярдык иштерин текшерген.
"Бардык даярдык иш-чараларынын аякташына аз убакыт калды. Биздин жалпы максатыбыз – мамлекеттин эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын эң жогорку кесипкөй жана уюштуруучулук деңгээлде өткөрүү", — деди ал.
Отурумдун жүрүшүндө уюштуруу комитетинин мүчөлөрү күн тартибиндеги төрт негизги маселени карашты:
- Эгемендүүлүк күнүн белгилөө боюнча башкы программа жөнүндө – президенттин администрациясынын жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыралиев баяндама жасады.
- Талас облусунда Эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө даярдык көрүү иштеринин жүрүшү боюнча – Талас облусу боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Максат Байжигитов отчет берди.
- Майрамдык концерттик программанын жалпы концепциясын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев тааныштырды.
- Майрамдык иш-чаралардын алкагында ачыла турган объектилердин курулушунун жана даярдыгынын жүрүшү жөнүндө – курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев маалымдады.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга бардык курулуш, көрктөндүрүү жана уюштуруу иштерин белгиленген мөөнөттө так аяктоо боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.
Мында министрлер кабинетинин төрагасы ар бир министрдин жана ведомствонун жетекчисинин алдыга коюлган бардык милдеттерди өз убагында жана сапаттуу аткаруудагы жеке жоопкерчилигин өзгөчө баса белгиледи.