Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Беатрис Мазер менен жолугушту

Министрлер кабинети 4 июнь 2025 11:40
683ee9979b70c (1).jpeg
683ee99d339af.jpeg
683ee997ea00e.jpeg
683ee99bc480b.jpeg
Алдыга
Артка
683ee9979b70c (1).jpeg
683ee99d339af.jpeg
683ee997ea00e.jpeg
683ee99bc480b.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек 04.06.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Беатрис Мазер менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын, ошондой эле энергетика, инвестициялык климатты жакшыртуу сыяктуу артыкчылыктуу тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

Өзгөчө көңүл энергетика тармагындагы өз ара аракеттенүү маселелерине бурулду. Белгиленгендей, азыркы учурда техникалык-экономикалык негиздемени даярдоонун олуттуу бөлүгү, ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору боюнча айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө таасирин баалоону жүргүзүү аяктады.

Жолугушуунун соңунда тараптар өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти жана биргелешкен демилгелерди өз убагында ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.