Адылбек Касымалиев “Дүйнө элдеринин эпостору” фестивалына катышты

Министрлер кабинети 31 май 2025 09:30
6839d56410057-thumb.jpeg
6839d5a2f26ed-thumb.jpeg
6839d5a7f134d-thumb.jpeg
6839d5a19d219-thumb.jpeg
6839d5ab551be-thumb.jpeg
6839d56e5c9a2-thumb.jpeg
6839d57e2bd73-thumb.jpeg
6839d57e8ac0a-thumb.jpeg
6839d59a3e0ff-thumb.jpeg
6839d59cec19a-thumb.jpeg
6839d574a57b2-thumb.jpeg
6839d592bd46d-thumb.jpeg
6839d5771a94a-thumb.jpeg
6839d5852d8fa-thumb.jpeg
6839d5893bf82-thumb.jpeg
6839d5931de4d-thumb.jpeg
6839d59851c42-thumb.jpeg
6839d5644752c-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
6839d56410057-thumb.jpeg
6839d5a2f26ed-thumb.jpeg
6839d5a7f134d-thumb.jpeg
6839d5a19d219-thumb.jpeg
6839d5ab551be-thumb.jpeg
6839d56e5c9a2-thumb.jpeg
6839d57e2bd73-thumb.jpeg
6839d57e8ac0a-thumb.jpeg
6839d59a3e0ff-thumb.jpeg
6839d59cec19a-thumb.jpeg
6839d574a57b2-thumb.jpeg
6839d592bd46d-thumb.jpeg
6839d5771a94a-thumb.jpeg
6839d5852d8fa-thumb.jpeg
6839d5893bf82-thumb.jpeg
6839d5931de4d-thumb.jpeg
6839d59851c42-thumb.jpeg
6839d5644752c-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 31.05.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына арналган VIII Бүткүл дүйнөлүк “Дүйнө элдеринин эпостору” фестивалына катышты. Иш-чара ушул жылдын 27-майынан бери Бишкекте өтүп жатат. Фестивалдын катышуучуларына Т.Усубалиев атындагы аянтта театралдаштырылган гала-программа тартууланды. 

Минкаб төрагасы өз сөзүндө иш-чаранын уникалдуулугун белгилеп, фестиваль Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен өтүп жатканын кошумчалады.

“Үч күндөн бери дүйнөдө көлөмү жагынан теңдеши жок “Манас” эпосун жараткан кыргыз жергесинде манас айтылып, акындар ыр төгүп – эң сонун сөз майрамы болуп жатат. Дүйнө эпостору үч күн даңазаланды. Быйылкы фестиваль президенттин колдоосу менен залкар манасчы, ХХ кылымдын Гомери Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына арналып жатат. Кыргызстанга 30дан ашык өлкөдөн коноктор келди. Кыргызстанга кош келдиңиздер!” – деди ал.

Адылбек Касымалиев ар бир элдин эпосу, дастаны, жомогу, ыры, өлөңдөрү – дүйнөнүн кайталангыс колоритин түзүп турарын, ал эми интеллектуалдык жана технологиялык прогресстин доорунда, биздин милдет - бул мурасты сактап,  муундан муунга өткөрүп берүү керектигин айтты.

““Манас” – кыргыз элинин жүрөгүнөн жарылып чыккан эпос. 3 күндөн бери манасчылык өнөрдүн заманбап доордо да айтылып жатканын көрдүңүздөр. Манас айтуу – жаңы өнөр эмес, бул элибиздин канында жашап, элибиз менен бирге кылымдарды карыткан өнөр. Ал эми “Манас”– байыркы кыргыз рухунун туу чокусу”, кыргыз элинин турмушунун көркөм энциклопедиясы”, - деп, акыркы жылдары мамлекет маданият чөйрөсүн каржылоонун көлөмүн көбөйткөнүн айта кетти. Ал эми эпосторду санариптештирүү, жаңыча интерпретациялоо жана дүйнөлүк тилдерге которуу, илимий изилдөө иштери үчүн өкмөт тараптан колдоолор улантылат. 

Минкаб төрагасы мындай масштабдагы фестивалдар адамзаттын руханий мурасын сактоодо глобалдык мааниге ээ экенин белгилеп өттү.