Базар баасынан төмөн: Минкаб башчысы азык-түлүк жарманкесиндеги баалар менен таанышты

Министрлер кабинети Загрузка... 30 Декабрь 2025 15:03
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 30.12.25. /Кабар/. 27-31-декабрь аралыгында Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта айыл чарба жарманкеси өтүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, жарманкенин максаты жарандарды ата мекендик арзан азык-түлүк менен камсыздоо болуп саналат.

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жарманкеге келип, мындай иштер ортомчуларды жокко чыгара турганына токтолду.

"Жума сайын Бишкекте айыл чарба жарманкелери үзгүлтүксүз өткөрүлүп жатканына күбө болуп жатабыз.

Бакыт Төрөбаевдин бул демилгеси товар өндүрүүчүлөр үчүн да, дыйкан-фермерлер үчүн да, азык-түлүктү ортомчулары жок арзан сатып алып жаткан элибиз үчүн да жакшы болуп жатат. Фермерлер өз продукцияларын базар баасынан төмөн, ал эми айыл чарба ишканалары заводдук баада сунуштап жатышат.

Мындай соода форматы өндүрүүчү менен керектөөчүнүн түз байланышына шарт түзүп, ортомчуларды жокко чыгарып, социалдык маанидеги азык-түлүк товарларына баанын өсүшүн ооздуктоого мүмкүндүк берип жаткандыгын белгилейм", - деди Касымалиев.

Эске салсак, мындай жарманкелер өлкөнүн бардык аймагында байма-бай өткөрүлүп келүүдө.