Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, премьер-министри, Дубай эмиратынын башкаруучусу шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактумдун чакыруусу боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бүткүл дүйнөлүк өкмөттүк саммитке (World Governments Summit) катышуу үчүн БАЭге иш сапары менен барат.
Сапардын алкагында министрлер кабинетинин башчысы саммитке катышат, БАЭнин жогорку жетекчилиги жана бир катар министрликтердин жана суверендүү фонддордун жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Мындан тышкары, сапардын жүрүшүндө эмират тарап менен эки тараптуу документтерге кол коюу жана саммиттин алкагында БАЭнин жогорку кызмат адамдарынын катышуусунда «Кыргызстандын экономикалык өсүү модели «Ак илбирс»: Өкмөттүк акселераторлор, институттар жана инвестициялар» аттуу сайд-ивент өткөрүү пландалууда.