Адылбек Касымалиев Александр Лукашенко менен жолукту

Министрлер кабинети 30 Сентябрь 2025 14:55
68db98bd3f39e-thumb.jpeg
68db98ba2ae81-thumb.jpeg
68db98ba9693a-thumb.jpeg
68db98bb1b0fe-thumb.jpeg
68db98bb3eec6-thumb.jpeg
68db98bc81c3a-thumb.jpeg
68db98bc6864d-thumb.jpeg
68db98bc36563-thumb.jpeg
68db98bce5817-thumb.jpeg
68db98bd61d48-thumb.jpeg
68db98bd92b99-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
68db98bd3f39e-thumb.jpeg
68db98ba2ae81-thumb.jpeg
68db98ba9693a-thumb.jpeg
68db98bb1b0fe-thumb.jpeg
68db98bb3eec6-thumb.jpeg
68db98bc81c3a-thumb.jpeg
68db98bc6864d-thumb.jpeg
68db98bc36563-thumb.jpeg
68db98bce5817-thumb.jpeg
68db98bd61d48-thumb.jpeg
68db98bd92b99-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 30.09.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев расмий иш сапарынын алкагында Беларусь президенти Александр Лукашенко менен жолукту.

Министрлер кабинетинин төрагасы беларусь тарапка жылуу кабыл алгандыгы жана сапардын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жылуу саламын айтты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу соода жүгүртүүнү жана инвестицияны көбөйтүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, эки тарапты кызыктырган тармактарда кызматташууну кеңейтүү боюнча практикалык кадамдарды жасоо маселелери талкууланды. Мындан тышкары, Кыргызстан менен Беларустун эки тараптуу, ошондой эле ЖККУ, КМШ, ЕАЭБ жана ШКУ алкагындагы натыйжалуу кызматташуусу белгиленди.

Александр Лукашенко эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын биргелешкен иштерди активдештирүү жана далилдүү жыйынтыктарга басым жасоо аракеттерин жогору баалады. Маектешкендер акыркы жылдарда мамилелер жаңы демге ээ болуп, бизнес жана гуманитардык байланыштар үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында өнөктөштүктү мындан ары бекемдөө жана практикалык кызматташууну кеңейтүү боюнча биргелешкен кадамдарды ишке ашыруу ырасталды. Айрыкча бул сапар Кыргызстандын өкмөт башчысынын акыркы 24 жыл ичиндеги биринчи расмий сапары болгону, жана ага өзгөчө символикалык маани берип жатканы өзүнчө белгиленди.