Адылбек Касымалиев Баткен облусундагы “Алгакадам” каналынын курулушу менен таанышты

Министрлер кабинети Жүктөлүүдө... 11 Май 2025 15:40
68204c3aac0cf-thumb.jpeg
68204c3b48d37-thumb.jpeg
68204c4c560b2-thumb.jpeg
68204c5c966f6-thumb.jpeg
68204c5fdf2f4-thumb.jpeg
68204c57ce923-thumb.jpeg
68204c418d6cf-thumb.jpeg
68204c4775d23-thumb.jpeg
68204c5376cb9-thumb.jpeg
68204c4215843-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
68204c3aac0cf-thumb.jpeg
68204c3b48d37-thumb.jpeg
68204c4c560b2-thumb.jpeg
68204c5c966f6-thumb.jpeg
68204c5fdf2f4-thumb.jpeg
68204c57ce923-thumb.jpeg
68204c418d6cf-thumb.jpeg
68204c4775d23-thumb.jpeg
68204c5376cb9-thumb.jpeg
68204c4215843-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.05.25. /Кабар/. Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кадамжай районундагы “Алгакадам” суу каналынын куруунун долбоору менен таанышты.

Анда Адылбек Касымалиевге Кара-Жантак айылындагы 4200 гектар жерди сугат суу менен камсыз кылуу боюнча иштелип чыккан долбоордун техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү тааныштырылды, бул айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн кыйла жогорулатууга жана жергиликтүү дыйкандардын экономикалык абалын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Атап айтканда, каналдын өткөрүү жөндөмдүүлүгү, тоннелдердин узундугу жана суу сактагычтардын көлөмү боюнча маселелер каралды.

“Алгакадам” долбоорунун жалпы сметалык баасы 3 млрд 72 млн сомду түзөт, учурда республикалык бюджеттен 650 млн сом бөлүнгөн.

“Алгакадам” коомдук бирикмесинин төрагасы минкаб башчысына учурдагы каналдын абалы жана аткарылган иштер тууралуу кеңири маалымат берди. Суу менен камсыздоо системасынын негизги элементи болгон тоннелдердин курулушун аяктоого өзгөчө көңүл бурулду.

Адылбек Касымалиев Баткен облусунун айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун, аймактагы азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуунун жана жергиликтүү калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Тиешелүү мамлекеттик органдарга каналдын курулушун өз убагында жана сапаттуу бүтүрүүгө байланышкан зарыл маселелерди тез арада карап чыгууну тапшырды.