Адылбек Касымалиев БАЭнин мамлекеттик маалымат агенттигине маек берди

Министрлер кабинети 05 Февраль 2026 15:55
698457ff7a4f6.jpeg
698457ff417b4.jpeg
698457fd54b36.jpeg
698457fb65dc3.jpeg
698457fb4dc99.jpeg
698457f97ee67.jpeg
Алдыга
Артка
698457ff7a4f6.jpeg
698457ff417b4.jpeg
698457fd54b36.jpeg
698457fb65dc3.jpeg
698457fb4dc99.jpeg
698457f97ee67.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин алкагында БАЭнин “Emirates News” (WAM) мамлекеттик маалымат агенттигине маек берди. 

Анда мкинкаб төрагасы саммиттин маанилүүлүгүн, Кыргызстандын стратегиялык артыкчылыктарын, өнүгүүнүн негизги багыттарын, кыргыз-эмират өнөктөштүгүнүн келечеги тууралуу айтып берди. 

Маектин жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, Кыргызстан учурда эл аралык коомчулукка экономикалык өсүштөгү өзүнүн далилденген эффективдүү моделин сунуштап жатат. Буга байланыштуу ал Дубайда өткөн “Кыргызстандын экономикалык өсүүсүндөгү “Ак илбирстин” модели: өкмөттүк акселераторлор, институттар жана инвестициялар” аттуу биринчи жолу өткөрүлгөн кошумча иш-чараны эске салып, ал өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын иш жүзүндө чагылдырылышы болду.

Адылбек Касымалиев ошондой эле мамлекеттик кызматтын эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча аткарылып жаткан иш-чараларга токтолду.

Ал эми Бириккен Араб Эмираттары менен кызматташууга БАЭ Кыргызстан үчүн ишенимдүү жана стратегиялык маанилүү өнөктөш экенин белгиледи. Ал энергиянын кайра жаралуучу булактары, инфраструктура, логистика, айыл чарба, туризм тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун, ошондой эле каржы тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн жана алдыңкы технологияларды киргизүүнүн олуттуу перспективаларын белгиледи.