Адылбек Касымалиев БАЭдеги Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышат

Министрлер кабинети Загрузка... 03 Февраль 2026 10:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактумдун чакыруусу менен БАЭге иш сапары менен барды.

Иш сапарынын алкагында минкаб төрагасы Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышып, БАЭнин жогорку даражалуу жетекчилери жана бир катар министрликтердин жана суверендүү фонддорунун жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Мындан тышкары, иш сапардын алкагында эмират тарап менен эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда, БАЭнин жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн катышуусунда саммиттин алкагында “Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн “Ак илбирс” модели: мамлекеттик акселераторлор, институттар жана инвестициялар” аттуу кошумча иш-чара өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, бул кошумча иш-чара Кыргызстандын демилгеси менен биринчи жолу саммиттин алкагында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын министрлер кабинетинин жана эмират тараптын өкүлдөрү менен панелдик талкуулар болот.