Адылбек Касымалиев азиз жана көрүүсү начар балдардын мектеп-интернатына барды

Министрлер кабинети 08 Сентябрь 2025 17:00
545599193_1210776397744181_540423234855658755_n.jpg
544769406_1210777047744116_3541317795650595768_n.jpg
544823179_1210776811077473_1447054298792335817_n.jpg
544429065_1210776821077472_718396527817829727_n.jpg
545663103_1210776764410811_4361325428833765409_n.jpg
544865249_1210776724410815_8413857560570540674_n.jpg
544731522_1210776644410823_1609842765896715700_n.jpg
544814153_1210776607744160_9164922536244114327_n.jpg
543403488_1210776587744162_1665164306271163091_n.jpg
545135887_1210776541077500_6434060633040458921_n.jpg
544786699_1210776517744169_3401293276729835727_n.jpg
545574118_1210776491077505_5281759281986192226_n.jpg
544465074_1210776417744179_7414403401682449078_n.jpg
545378120_1210776364410851_1339071378515395169_n.jpg
545177024_1210776294410858_2164694542145427240_n.jpg
544393021_1210776264410861_2367694194820089479_n.jpg
545647066_1210776297744191_288000670857256709_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 08.09.25. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев борбор калаадагы азиз жана көрүүсү начар балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатка барып, окуучулардын билим алуу жана жашоо шарттары менен таанышты.

Иш сапардын алкагында мектептин окуу корпустары, жатаканасы, окуу устаканалары, спорттук аянтчасы, ашканасы, спорт жана жыйындар залы, ошондой эле медициналык пункту текшерилди. Мектеп жетекчилиги жана педагогикалык жамаат менен жолугушуу өтүп, учурдагы муктаждыктар жана сунуштар талкууланды.

Адылбек Касымалиев билим берүү мекемеси 1939-жылдан бери иштеп келе жатканын белгилеп, мектеп-интернатты толук жаңылоонун зарылдыгын баса көрсөттү. Ал бардык санитардык, архитектуралык жана инклюзивдик талаптарга жооп берген жаңы заманбап мектеп-интернатын куруу боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды.

Ошондой эле, жакын арада окуу процесси үчүн керектүү атайын жабдуулар — Брайль системасына ылайык тилкелүү такталар, рельефтүү беттер, 3D-карталар, акылдуу көз айнектер жана таяктарды сатып алууну, окуучулардын ден соолук өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен камсыздоого тапшырма берди.