Адылбек Касымалиев альпинист Асел Байбагышевага 500 миң сом тапшырды

Министрлер кабинети 30 май 2025 12:40
68394ccca36f9-thumb.jpg
68394ccc6d9da-thumb.jpg
68394ccc6e438-thumb.jpg
68394cccde530-thumb.jpg
68394ccd6beba-thumb.jpg
68394ccd31962-thumb.jpg
68394ccd32000-thumb.jpg
68394ccda9e59-thumb.jpg
68394ccdaac86-thumb.jpg
68394ccdf23eb-thumb.jpg
Алдыга
Артка
68394ccca36f9-thumb.jpg
68394ccc6d9da-thumb.jpg
68394ccc6e438-thumb.jpg
68394cccde530-thumb.jpg
68394ccd6beba-thumb.jpg
68394ccd31962-thumb.jpg
68394ccd32000-thumb.jpg
68394ccda9e59-thumb.jpg
68394ccdaac86-thumb.jpg
68394ccdf23eb-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 30.05.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандан дүйнөнүн эң бийик чокусу – Эверестти багындырган биринчи альпинист айым Асел Байбагышеваны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчы Асел Байбагышеванын өзгөчө жетишкендигин терең баалап, колдоо көрсөтүп, ага 500 миң сомдук сертификат тапшырды.

Өз кезегинде Асел Байбагышева дүйнөнүн чокусуна орноткон Кыргызстандын мамлекеттик желегин Адылбек Касымалиевге сыймыктануу менен тапшырды. Мындан тышкары альпинист минкаб төрагасына Эверест тоосунун чокусунан жеке өзү  алып келген ташты тартуулады.

Баарлашуу учурунда Асел Байбагышева бийиктиктен алган таасирлери менен бөлүшүп, башынан өткөргөн кыйынчылыктарга токтолду. Ийгиликтүү көтөрүлгөндөн кийин дароо биринчи болуп МинКаб Төрагасы телефон аркылуу байланышка чыкканын чын дилден кубанганын белгилеп, дал ушундай тагдырлуу учурларда мамлекеттин колдоосу спортчуларга ишеним жана жаңы ийгиликтерге шыктандыраарын баса белгиледи.

Адылбек Касымалиев Асел Байбагышеваны тарыхый ийгилиги менен дагы бир жолу кызуу куттуктап, анын эрдиги өсүп келе жаткан муун үчүн жаркын үлгү жана Кыргызстандын эл аралык аброюн чыңдоого зор салым кошконун баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар альпинизмди мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин жана өлкөдөгү тоо туризмин колдоону талкуулашты.