Адылбек Касымалиев Gulf News эл аралык басылмасына маек берди

Министрлер кабинети 05 Ноябрь 2025 18:25
690b3b905f7fb.jpg
690b3bb2616a4.jpg
690b3b905c94f.jpg
690b3bbdaf98b.jpg
690b3bb89a706.jpg
690b3b9107359.jpg
Алдыга
Артка
690b3b905f7fb.jpg
690b3bb2616a4.jpg
690b3b905c94f.jpg
690b3bbdaf98b.jpg
690b3bb89a706.jpg
690b3b9107359.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 05.11.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Gulf News эл аралык басылмасына маек берип, анда өлкөнүн жетишкендиктерин, өнүгүү приоритеттерин жана тышкы экономикалык келечегин кеңири чагылдырды.

Минкаб башчысы өкмөт туруктуу экономикалык өсүшкө жана жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга басым жасап жатканын белгиледи. Ал социалдык-экономикалык өнүгүүнүн туруктуу оң динамикасын белгиледи: акыркы үч жылда экономикалык өсүштүн орточо темпи 9 пайызды түздү, ал эми 2025-жылдын 9 айында ИДПнын өсүшү 10 пайызга жетип, көлөмү 1 трлн 240,5 млрд сомду түздү.

Өсүштүн негизги кыймылдаткыч күчү катары курулуш, өнөр жай жана тейлөө сектору аталды, аларды ички суроо-талап, инвестициялар жана масштабдуу инфраструктуралык демилгелер колдоду.

Адылбек Касымалиев Кыргызстан инвестициялар үчүн жагымдуу шарттарды активдүү түзүп, экономикалык институттарды бекемдеп жатканын баса белгиледи. Бириккен Араб Эмираттары менен кызматташууга, атап айтканда, "Өкмөттүк акселераторлор" биргелешкен программасын ийгиликтүү ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Интервьюнун соңунда минкаб башчысы эл аралык инвесторлорду Кыргызстанды инвестиция салуу үчүн жагымдуу багыт катары активдүү кароого чакырып, өлкөнүн ачыктыгын жана өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн түзүлүп жаткан мүмкүнчүлүктөрдү баса белгиледи.