Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Кыргызстанда кара тума (чума) оорусу боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу, күз мезгилинде оорунун жайылуу коркунучу өтө төмөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине врач-эпидемиолог Кубанычбек Бектурдиев билдирди.
Анын айтымында, чума оорусу негизинен жаз жана жай айларында күчөшү мүмкүн. Бул мезгилде ооруну алып жүрүүчү жаныбарлар жана бүргөлөр активдүү болот.
“Бизде абал туруктуу. Анын үстүнө аба ырайы салкындап, суук түшүп калды. Суурлар ийинине кирип кетишти. Андыктан оорунун жайылуу коркунучу өтө төмөн. Күн сууктаган сайын чума оорусун алып жүрүүчү бүргөлөрдүн да активдүүлүгү төмөндөйт. Алар ар кандай жаныбарларда, анын ичинде суурлардын денесинде жашайт”, — деди ал.
Адистин маалыматына караганда, чума оорусу өз убагында медициналык жардам көрсөтүлгөн учурда дарыланат.
“Бул оорудан өз убагында медициналык жардамга кайрылса, айыгууга болот. Тиешелүү антибиотиктер менен дарылоо жүргүзүлөт”, — деп билдирди Бектурдиев.