Адилет Жанузаков Туризм фондунун башкы директору болуп дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 13 Октябрь 2025 17:00
photo_2025-10-13_16-02-02.jpg
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. Жанузаков Адилет Канатович Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Адилет Жанузаков 1986-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарында туулган. Ал Россиянын Коргоо министрлигине караштуу Аскер университетинин юридикалык факультетин 2009-жылы ийгиликтүү аяктаган.

Эмгек жолу:
03.2024 — 03.2025

Кызматы: кайтаруу жана конвой кызматынын төрагасы
Уюму: КР Юстиция министрлиги

04.2023 — 03.2024

Кызматы: Төраганын орун басары – Жаза аткаруу мекемелерин жана камактагы адамдар менен соттолгондорду коштоп жүрүү департаменти
Уюму: Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматы

10.2021 — 01.2023
Кызматы: Кырдаалдык борбордун директору
Уюму: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы

05.2021 — 10.2021
Кызматы: Коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы
Уюму: КР президентинин администрациясы

10.2020 — 05.2021
Кызматы: Коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары
Уюму: КР өкмөт аппараты

08.2020 — 10.2020
Кызматы: Коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу — өкмөт аппараты жетекчисинин биринчи орун басарынын даражасында
Уюму: Кыргыз Республикасынын Өкмөт аппараты

01.2018 — 08.2020
Кызматы: Коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары
Уюму: КР өкмөт аппараты

03.2013 — 01.2018
Кызматы: Коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору
Уюму: КР өкмөт аппараты

04.2012 — 03.2013
Кызматы: Коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө Коргоо министрлигинин системасында калуу менен кызматтык негизде жиберилген
Уюму: Кыргыз Республикасынын Өкмөт аппараты

03.2011 — 04.2012
Кызматы: Укуктук камсыздоо башкармалыгынын улук офицери
Уюму: Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

10.2010 — 03.2011
Кызматы: Укуктук камсыздоо башкармалыгынын офицери
Уюму: КР Коргоо министрлиги

07.2009 — 10.2010
Кызматы: Командирдин укуктук иштер боюнча жардамчысы – юрисконсульт
Уюму: КР Коргоо министрлигинин 52806 аскер бөлүгү, Токмок шаары

09.2004 — 06.2009
Кызматы: Курсант
Уюму: РФ Коргоо министрлигинин Аскер университети, Москва шаары

Адилет Жанузаков коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар тармагында чоң тажрыйбага ээ жана КР премьер-министринин ыраазычылыктары жана өкмөттүн Ардак грамоталары менен сыйланган.

Ошондой эле 2022-жылы ЖККУнун "Жамааттык коопсуздукту чыңдоого кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланган.