Адилет Орозбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 12 Февраль 2026 14:35
WhatsApp_Image_2026_DwX4nFr.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.02.26 /Кабар/. Орозбеков Адилет Орозбекович Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Адилет Орозбеков 1978-жылы туулган. Ал Кыргызстан эл аралык университетин “Дипломатия жана эл аралык укук” адистиги боюнча аяктаган. Кийин Россия Федерациясынын Федералдык коопсуздук кызматынын академиясында билим алган. Кыргыз, орус жана англис тилдерин билет.

Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси класстык ченине жана полковник аскердик наамына ээ.

Эмгек жолун 2001-жылы улуттук коопсуздук органдарында ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер болуп баштаган. 2017-жылга чейин коопсуздук тармагында ар кандай, анын ичинде жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Эмгек тажрыйбасы:

  • 2007–2009-жж. – КР УККнын конституциялык түзүлүштү коргоо башкармалыгынын бөлүм башчысынын орун басары;
  • 2009–2010-жж. – УКМКнын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, башкармалыктын башчысынын орун басары;
  • 2012–2017-жж. – УКМКнын Антитеррордук борборунун башкы эксперти;
  • 2017-жылдан тартып – Тышкы иштер министрлигинде, Шанхай кызматташтык уюмунун иштери боюнча улуттук координатордун аппаратында иштеген;
  • 2017–2019-жж. – Пекиндеги Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгынын референти;
  • 2023–2024-жж. – Президенттин администрациясынын Кырдаалдык борборунун эксперти;
  • 2025-жылдын декабрынан бери – президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгынын коргоо, укук тартиби жана коопсуздук бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору.