Адам укуктары боюнча кеңештин жыйыны өттү. Эмнелер талкууланды?

Министрлер кабинети 24 Декабрь 2025 14:20
694b7a0b5c88e-thumb.JPG
694b7a0b5becb-thumb.JPG
694b7a0b7aa55-thumb.JPG
694b7a0b79e88-thumb.JPG
694b7a0b93c22-thumb.JPG
694b7a0b9600d-thumb.JPG
694b7a0bafed9-thumb.JPG
694b7a0bb2c88-thumb.JPG
694b7a0bc9879-thumb.JPG
694b7a0b3ca7f-thumb.JPG
694b7a0b3ca8d-thumb.JPG
Алдыга
Артка
694b7a0b5c88e-thumb.JPG
694b7a0b5becb-thumb.JPG
694b7a0b7aa55-thumb.JPG
694b7a0b79e88-thumb.JPG
694b7a0b93c22-thumb.JPG
694b7a0b9600d-thumb.JPG
694b7a0bafed9-thumb.JPG
694b7a0bb2c88-thumb.JPG
694b7a0bc9879-thumb.JPG
694b7a0b3ca7f-thumb.JPG
694b7a0b3ca8d-thumb.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 24.12.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйынтыктоочу жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Координациялык кеңештин мүчөлөрү, ошондой эле адамдын укуктары жана эркиндиктери жаатында ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жана мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты.

Күн тартибиндеги маселелерди кароонун алкагында Кыргыз Республикасында адам укуктарын коргоонун жана алдыга жылдыруунун негизги жана актуалдуу аспектилери талкууланды.

Координациялык кеңештин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууга, жетишилген натыйжаларды талдоого, ошондой эле бул чөйрөдөгү учурдагы көйгөйлөрдү жана чакырыктарды аныктоого өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо системасын мындан ары чыңдоого, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана башка кызыкдар тараптардын ишмердүүлүгүн координациялоону жогорулатууга багытталган тиешелүү чечимдер иштелип чыгып, кабыл алынды.