Адам өлтүргөн кылмышкерден коррупционер коркунучтуу – президент

Президент Загрузка... 11 Март 2026 11:44
600222854_254713490.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Адам өлтүргөн кылмышкерден коррупционер коркунучтуу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаров билдирди.

“Анткени кылмышкер бир адамды өлтүрсө, коррупционер бүтүндөй мамлекетти талкалайт. Коррупция менен күрөшүүгө жардам бериңиздер. Бийликтегилер тарабынан уурулук, коррупция болгонун көрүп-билип турсаңыздар, трибунадан айтып тургула. Бул сиздердин мага көрсөткөн жардамыңыздар болот. Эч кимден коркпоңуздар. Сиздерге гана болушам, сиздер тарапта болуп, коргойм", — деди өлкө башчысы.