Абу-Даби өнүктүрүү фонду Кыргызстандын долбоорлоруна өзгөчө көңүл бурат

Министрлер кабинети 03 Февраль 2026 17:53
6981d5a5cfb07 (1).jpeg
6981d5ae61819.jpeg
6981d5a8586e0.jpeg
6981d5b4aa6ec.jpeg
Алдыга
Артка
6981d5a5cfb07 (1).jpeg
6981d5ae61819.jpeg
6981d5a8586e0.jpeg
6981d5b4aa6ec.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мохаммед Сейф Аль-Сувейди менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Минкаб төрагасы белгилегендей, Кыргыз Республикасы Бириккен Араб Эмираттары менен ар тараптуу жана узак мөөнөттүү кызматташууну, анын ичинде Абу-Даби өнүктүрүү фонду менен кызматташууну бекемдөөгө өзгөчө маани берет. 

Жолугушуунун жүрүшүндө инфраструктураны өнүктүрүү, ошондой эле экспорт жана инвестиция тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Тараптар биргелешип түзүлгөн “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү боюнча тыгыз кызматташууну улантууну макулдашты.

“Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” ААК алкагында инвестициялык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы кызматташтыктын жаңы барагын ачат деп ишенем” - деген Адылбек Касымалиев, эмират тарапты үстүбүздөгү жылдын апрель айында Бишкекте өтө турган “Борбор Азия –  Булуңдагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңеши” инвестициялык форумуна катышууга чакырды.

Өз кезегинде Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мохаммед Сейф Аль-Сувейди Кыргыз Республикасындагы долбоорлорго өзгөчө көңүл бурарын айтып, потенциалдуу долбоорлорду Абу-Даби өнүктүрүү фондуна жөнөтүүнү сунуштады.