Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Абдикарим Алимбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Алимбаев бул кызматка 2026-жылдын 10-февралында дайындалган.