Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. Экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Бишкек Жылуулук электр борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Ведомстводон билдиришкендей, иш-чара Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун атмосфералык абасын жакшыртуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин алкагында өттү.
Белгиленгендей, комиссиянын мүчөлөрү менен биргеликте от казандары жана агрегаттары текшерилип, ЖЭБге атмосфералык абанын үлгүлөрүн алуу боюнча тапшырмалар берилди. Ошондой эле нымдуу күл топтогучтар (скрубберлер) жана электр фильтрлер текшерилди.
Белгилей кетсек, кыш мезгилинде ишкананын катуу отунга болгон керектөөсү өсүп, орточо электр энергиясы 404 МВт түзөт.
Бишкек ЖЭБдир 150, 180 жана 300 метр бийиктиктеги түтүктөрү аркылуу таралган булганыч газдар жерге жакын жерде жана бүткүл шаар боюнча пайда болгон эмиссияларга караганда жер үстүндөгү концентрацияларга азыраак деңгээлде таасир этет.
“Бишкек Жылуулук электр борборунда зыяндуу заттардын көлөмүн азайтуу боюнча бардык чараларды көрүүдө”,-деп айтылат маалыматта.