Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Хорватиянын Кыргызстандагы элчиси Рефик Шабановичти кабыл алды.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-хорват кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү келечегин талкуулашты.
Өзгөчө көңүл биргелешкен иш-чараларды, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды даярдоого, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүгө жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыкка бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоого жана өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.