Абайбек Коробаев Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайына директор болду — Кабар

Абайбек Коробаев Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайына директор болду

Кадрлар жана дайындоолор 21 ноябрь 2025 18:10
585904082_1142792471345841_6755809428083329933_n.jpg
586212586_1142792548012500_2227365991948999648_n.jpg
586650782_1142792544679167_7577578947487875443_n.jpg
584975425_1142792488012506_3635066400292159650_n.jpg
Алдыга
Артка
585904082_1142792471345841_6755809428083329933_n.jpg
586212586_1142792548012500_2227365991948999648_n.jpg
586650782_1142792544679167_7577578947487875443_n.jpg
584975425_1142792488012506_3635066400292159650_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 21.11.25. /Кабар/. Коробаев Абайбек Алымбекович Ы.Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайына директор болуп дайындады.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, ал эмгек келишиминин негизинде дайындалып, 20-ноябрдан тартып директорлук кызматка киришти.

Абайбек Коробаев 1977-жылдын 3-августунда Каракол шаарында искусство кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Билими:

• 1984-1992-жылдары Каракол шаарындагы №11 мектеп-гимназиясын аяктаган;
• 1992-1996-жылдары Ы.Туманов атындагы музыкалык окуу жайында “Вокал” бөлүмүндө окуп, ийгиликтүү бүтүргөн;
• 2015-2019-жылдары Ысык-Көл облусунун К.Тыныстанов атындагы университетинин “Педагогика” факультетин аяктап, мугалим адистигине ээ болгон.

Эмгек жолу:

• 1996-2010-жылдары жеке фермерлик ишмердүүлүк менен алектенген;
• 2010-2011-жылдары Каракол шаардык муниципалдык "Тазалык" ишканасынын өндүрүштүк башчысы;
• 2012-2019-жжылдары Каракол шаарынын мэриясына караштуу №2 муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы;
• 2018-2020-жылдары Каракол шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
• 2024-жылдын 29-январынан 5-ноябрына чейин Түп районунун Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген.